Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:43

АКШ Сенаты ФБРдин жаңы жетекчисин бекитти


Кристофер Рэй
Кристофер Рэй

АКШ Сенаты шейшембиде Кристофер Рэйди Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) жетекчиси кылып бекитти. Буга чейин Юстиция министрлигинде жогорку кызматтарда иштеген 50 жаштагы Рэй эгер президент ФБРдин иликтөөлөрүнө кысым көрсөтсө, ага баш ийбестигин же кызматтан кетерин айтты.

Президент Дональд Трамп май айында ФБРдин мурдагы башчысы Жеймс Комини иштен алган. Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышын иликтеп жаткан бул мекеменин жетекчисинин кызматтан алынышы Америка коомчулугунда талкуу жараткан эле.

Ак үй Дональд Трамп президент болуп шайлангандан бери эле ФБРдин башчысын кызматтан алууну ойлоп жүргөн деп билдирген.

XS
SM
MD
LG