Орусиядан Беларуска качып келген оппозициячыл активист Владимир Егоровдун төрт күндөн бери дайыны чыкпай жатканын Минсктеги укук коргоочулар билдирип чыгышты.
Беларус укук коргоочусу Наста Лойканын "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген маалыматы боюнча, 29-июнда Егоров токтогон конок үйдүн кызматкерлери коопсуздук күчтөрү орусиялык активистти алып кеткенине күбө болушкан.
Укук коргоочулар өз алдынча иликтөө жүргүзүп, Егоров 31-июлда ээнбаштык кылды деген жүйө менен эки күнгө камалганын аныктап чыгышкан. Бирок активист кайда экени дале белгисиз бойдон.
Егоров Орусиядагы оппозициячыл көз караштагы "Яблоко" партиясында иштеген. Ага Орусияда экстремисттик чакырык жасады деген айыптар коюлган.