Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:38

Молдова орус вице-премьерин персона нон-грата деп жарыялады


Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин.

Молдованын өкмөтү Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозинди персона нон-грата деп жарыялады. Тышкы иштер министр Андрей Галбурдун Рогозинди өлкөгө киргизбөө сунушун Молдова өкмөтү 2-августта колдоду.

Өкмөт бул чечимине Рогозиндин Молдова тууралуу талаштуу билдирүүлөрү себеп болгонун жүйө келтирди.

28-июлда Румыния Молдовага сапар алган орус вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин түшкөн жүргүнчү учагын өзүнүн аба мейкиндигине киргизбей койгон.

Рогозин Молдованын президенти Игор Додон менен сүйлөшүү үчүн жана Молдовадан бөлүнгөн Преднестровье аймагындагы Орусиянын тынчтык орнотуу операцияларынын 25 жылдыгын белгилөө үчүн Кишиневго бараткан. Натыйжада орус вице-премьери Кишинёв сапарын токтотуп, ал түшкөн учак Беларустагы аэропортко конууга аргасыз болгон.

Евробиримдик Крымдын аннексиясынан кийин "кара тизмеге" киргизген орусиялыктардын арасында Дмитрий Рогозин да бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG