Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:02

Садыр Жапаровдун адвокаттары Бишкек шаардык сотуна кайрылышат


Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

Экс-депутат Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов 2-августтагы сот чечими мыйзамсыз экенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү өкүмдүн үстүнөн жогорку инстанцияларга даттануу жолдонот.

Жабырлануучу, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаевдин 2013-жылдагы окуяларды Жапаровдун уюштурганы боюнча далил жоктугун, иштин кайра тергелишин айтканына карабай, сот катаал өкүм чыгарып койду деп билдиришкен Садыр Жапаровдун жакындары жана тарапкерлери нааразылык акциясын өткөрүштү:

- Күйөөмө чоң мөөнөттү эмне кылганы үчүн берди? Митингге тыюу салынат деген чечим чыгарып туруп, Садыр Жапаровду камады. Мен эч нерседен коркпойм. Мен калдым эми, мени камагыла. Түрмөдө менин балам да отурат, - деди Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-агустта Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актады, ошол эле маалда 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп сыпаттады. (NT)

XS
SM
MD
LG