Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:19

Шайлоо-2017: Талапкер болом дегендердин экөө жарыштан баш тартты


Боршайком

Президенттикке талапкер болуу үчүн Боршайкомго арыз тапшыргандардын экөө ат салышуудан баш тартты. Алар 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев жана "Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо" фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Муса-Оглы Мамедов.

Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. Ага талапкер болуп катталууга жалпысынан 59 жаран арыз тапшырган, 11ин партиялар көрсөтсө, 48и өзүн өзү көрсөткөндөр.

Талапкер деген күбөлүк алыш үчүн алар мамлекеттик тил боюнча тест тапшырып, 30 миң кол топтоп, 1 миллион сом күрөө коюшу керек.

Сартаев менен Мамедов бул талаптардын бирин да аткара электе арызын кайтарып алганын "Азаттык" радиосуна билдиришти. Анвар Сартаев 1 миллион сом күрөө тууралуу талап Конституцияга каршы келет деген ойдо. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG