Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:03

Косовонун жаңы парламенти эки айдан кийин чогулду


Косовонун жаңы парламенти кезексиз шайлоодон эки ай өткөндөн кийин алгачкы жыйынга чогулду. Мыйзам чыгаруучулар жаңы спикерди жана орун басарларын шайлоого тийиш. Андан кийин президент Хашим Тачи өкмөт куруу мандатын тапшырмакчы.

Президент "Косовонун келечеги үчүн альянстын" төрагасы Рамуш Харадинайга өкмөт куроо тапшырмасын берет деп айтып келген. Ошол эле маалда ал коалиция түзө албайт дегендер да көп. Евробиримдиктин жана башка батыш институттарынын расмий өкүлдөрү шайлоодо так жеңүүчү аныкталбагандыктан өлкө кайрадан саясий кризиске кептелет деп чочулап келишет. 2014-жылы өкмөт куруу тогуз айга созулуп кеткен.

Бирок Тачи "Азаттык" радиосуна интервьюда Харадинай сүйлөшүү жүргүзүп, депутаттардын жетиштүү колдоосун алганын билдирген.

48 жаштагы Харадинай согуш кылмыштары үчүн эки жолу айыпталып, эки жолу Гаагадагы эл аралык трибуналда акталган.

XS
SM
MD
LG