Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

Грузин-түрк чек арасынан кармалган жаран Кыргызстанга депортацияланат


Тышкы иштер министрлиги Грузиядан Түркияга машиненин багажында мыйзамсыз өтүүгө аракеттенди деп кармалган кыздын Кыргызстандын жараны экенин ырастады.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги түрк полициясы менен байланышып, 28 жаштагы кыргызстандык кыз грузин-түрк чек арасынан өз каалоосу менен өтүүгө аракеттенгенин, адам сатуунун курмандыгы эместигин тактаган.

Кармалган жаран учурда Түркиянын Артвин провинциясынын Кемал паша райондук полиция бөлүмүндө. Түрк мыйзамына ылайык, жакынкы күндөрү Кыргызстанга депортацияланат.

2-августта түрк маалымат каражаттары грузин-түрк чек арасынан аткезчиликке шектелип токтотулган Грузия атуулунун жеңил автоунаасын текшерүү учурунда багаждан кыргызстандык 28 жаштагы аял табылган деп жазып чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG