Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

БШК менен Текебаевдин юристтеринин ортосунда талаш жаралды


“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин кыргыз тилинен тест тапшыруу маселесинин тегерегинде Боршайком менен анын юристтеринин ортосунда кайчы пикир пайда болду. Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы “Бишкектин район аралык соту Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырган жок, болгону, БШК аракет көргөн эмес деп тапты” деген билдирүү таратты.

Кечээ “Ата Мекендин” юристи Канатбек Азиз Бишкектин район аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында карап чыгууга милдеттендирди деп кабарлаган болчу. Бүгүн ал БШКнын билдирүүсүн комментарийлеп "Сот алардын аракет көрбөгөнүн таанып жаткандан кийин, демек, бул маселени карагыла дегенди түшүндүрөт да" деген оюн айтты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Текебаев талапкерликке катталуу үчүн БШКга биринчилерден болуп арыз берген. 26-июлда ал мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

Боршайком маселени сот аркылуу чечүү керек дегендиктен “Ата Мекен” партиясынын юристтери район аралык сотко 31-июлда кайрылган.

Текебаевдин 7 тарапкери анын тестке катышпай калганына байланыштуу дүйшөмбүдөн бери ачкачылык кармап жатышат.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону четке кагууда. Ишти козгогон Башкы прокуратура далилдер жетиштүү экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG