Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:52

Бишкек милициясында жетекчи алмашты


Сталбек Рахманов
Сталбек Рахманов

Бишкектин ички иштер башкармалыгында жетекчи алмашты. Мекеменин маалымат кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, Самат Курманкуловдун ордуна буга чейин анын биринчи орун басары болуп иштеп келген Сталбек Рахманов дайындалды.

45 жаштагы Рахманов ошондой эле буга чейин ИИМдин 10-башкармалыгын, Биринчи Май райондук милициясын жетектеген.

40 жаштагы Курманкулов 2016-жылдын май айынан бери Бишкек милициясынын башчысынын милдетин аткарып жаткан.

1-августта ИИМдин коллегиясынын жыйыны өтүп, айрым жетекчилердин иши сынга алынган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG