Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Өзбекстан менен Кытай оюнчук чыгарчу ишкана курат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандагы эркин экономикалык аймактардын биринде оюнчуктарды чыгарчу кытай-өзбек биргелешкен ишканасы ачылат.

Өзбекстандын Инвестициялар боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, мекеме жетекчилиги кытайлык Shandong Sanhe Toy компаниясындагылар менен жолугуп, долбоорду ишке ашыруу, ошондой соода-экономикалык жана инновациялык кызматташтык маселесин талкуулашты.

Өзбек тараптын өкүлдөрү кытай өндүрүүчүсү менен кызматташуу каражат жагынан гана эмес, жаңы технологияларды тартуу, менеджменттин заманбап ыкмалары менен сапат стандарттарына үйрөнүү үчүн дагы баалуу экенин белгилешүүдө.

2005-жылы ачылган Shandong Sanhe Toy компаниясы оюнчуктарын АКШ, Канада жана Европа өлкөлөрүнө сатат.

XS
SM
MD
LG