Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Ачкачылыктагы "атамекенчилердин" төртөөнүн абалы начарлап баратканы айтылды


Фото: Facebook/Нуразиз Шайырбек уулу
Фото: Facebook/Нуразиз Шайырбек уулу

Камактагы оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ачкачылык кармап жаткан тарапкерлеринин көбүнүн ден соолугу начарлоодо. Бүгүн аларды Бишкектин №10 бейтапканасынын терапевти Абдылатиф Апызов текшерип, акчачылыктагы беш адамдын төртөөнүн кан басымы жогорулап кеткенин билдирди.

Алардын арасынан Таттибай Матисаков аттуу жарандын абалы өтө оорлошуп баратканы аныкталы. Доктурлар ага ачкачылыкты токтотууну сунушташты.

Бул акция дүйшөмбү күнү башталган. Кечээ анын катышуучуларынын бири Темир Эмиловду "Тез жардам" алып кеткени айтылган. Бүгүнкү маалыматка караганда, анын канындагы канттын деңгээли жогорулап кеткендиктен доктурга жатуу керектиги айтылды. Бирок ал үйүнөн дарыланууну чечкен.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.

Саясатчыларды бошотууну жана Текебаевге президенттикке талапкер болуп катталууга мүмкүнчүлүк берүү талабын койгон ачкачылык акциясы партиянын Бишкектеги кеңсесинде өтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG