Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Шайлоо-2017: Жээнбеков тил боюнча тесттен өттү


Сооронбай Жээнбеков тест тапшырууда
Сооронбай Жээнбеков тест тапшырууда

Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча тестирлөөгө катышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 94,6 упай алып, тесттен өттү.

Жээнбековду 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП көрсөтүп жатат.

Талапкер болуп катталам деп Боршайкомго арызын бергендердин жалпы саны 57 адам. Мындай макам тил боюнча тесттен өтүп, 30 миң кол топтоп, 1 миллион сом күрөө кое алгандарга ыйгарылат.

Буга чейин тестке 21 адам катышты, алардын дээрлик баары ийгиликтүү өттү, бирөө гана, ишкер Руслан Жунусов 46 балл алып, өтпөй калды.

Тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жободо “Эгерде талапкер тест боюнча зарыл болгон жалпы баллды топтой алса (бардык субтесттердин суммасынын 60%ынан ашса) ага В2 (“Ортодон жогору”) деңгээлде мамлекеттик тилди билээрин ырастаган Улуттук комиссиянын сертификаты берилет. Эгерде талапкер 100%дын ичинен 60%дан аз балл топтосо, ага субтесттер боюнча алган баллы көрсөтүлгөн маалымкат берилет” деп белгиленген.

Ал эми сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты күндүн жыйынтыгы менен тапшырылат.

Сооронбай Жээнбеков эң көп упай топтогон үч адамдын катарына кирди. Алар Адахан Мадумаров (96,77) жана Турсунбек Акун (94,75) (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG