Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:36

Шайлоо-2017: С.Жээнбеков: Кыргызстанга А.Атамбаевдин ишин улантчу президент керек


КСДП партиясы президенттикке талапкер кылып көрсөтүп жаткан Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөгө азыркы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ишин уланта турган президент керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн кыргыз тили боюнча тест тапшырганы барганда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал өкмөт башчылык кызматын Боршайком аны талапкер кылып расмий каттагандан соң тапшырып берерин айтты.

15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуп катталам дегендердин саны 57 адам. Алардын арасынан 30 миң кол топтоп, мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 1 миллион сом күрөө койгондор жана башка мыйзам талаптарына жооп бергендер гана расмий катталат.

Бүгүнкү күнгө карата 22 жаран мамлекеттик тил сынагынан тест тапшырды, алардын бирөө (ишкер Руслан Жунусов) сынактан өтпөй калды. (UEz/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG