Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунда алтын медал үчүн күрөшөт


Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунун жарым финалында. 4-август, 2017-ж.
Айпери Медет кызы спорттук күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунун жарым финалында. 4-август, 2017-ж.

Кыргызстандык Айпери Медет кызы ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун финалында күрөшөт.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова кыздардын эркин күрөшүнөн 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда.

Ал алгач 1/8 финалда швециялык Денис Сабина Макота Строем менен таймашты. Алгач биринчи айлампадан кийин 6:2 эсебинде швециялык күрөшчү кыз алдыда келе жаткан. Экинчи айлампада Медет кызы бир мүнөттүн ичинде алгач эки упай топтоп, андан соң атаандашынын далысын килемге басып жыгып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда италиялык Еллени Пьоллайды (8:0) утту. Жарым финалдык таймашта орусиялык Кристина Шумованы 26 секунддун ичинде жеңилүүгө мажбур кылып (10:0), финалдык таймашка жолдомо алды. Алтын байге үчүн жапониялык Ясуха Матсуйуки менен беттешет. Чечүүчү таймаш 5-августка караган түнү өтөт.

Бүгүн бул мелдеште 55 килограммга чейинки салмакта кадеттер арасында былтыр дүйнө чемпиондугунда коло байге алган Назира Марсбек кызы дагы таймашты. Ал биринчи беттешинде болгариялык Сезен Белберованы 9:3 эсебинде жеңип алды. Бирок 1/8 финалда индиялык күрөшчү кызга утулуп мелдештен четтеди.

1-августта башталган спорттук күрөш (грек-рим күрөшү, кыздар жана эркектер арасында эркин күрөш) боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу 6-августка чейин уланат. Азырынча Кыргызстандын эсебинде эки коло байге бар.

Мелдештин биринчи күнүндө эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу (50 кг) коло медал тагынган. 3-августта кыздардын эркин күрөшүнөн 67 килограммга чейинки салмакта Мээрим Жуманазарова 3-орунду алды.

Бул турнирде Кыргызстандан 15 балбан күч сынашууга барды. Эртең грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталат. (ECh).

XS
SM
MD
LG