Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Египетте кармалган казак студенттери мекенине келишти

Египетте кармалган студенттер депортация болор алдында
Египетте кармалган студенттер депортация болор алдында

20-июлда Египетте кармалган алты казакстандык студент мекенине кайтып келди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда. 

Студенттер Египет улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалганы 24-июлда белгилүү болгон. Кармоонун чоо-жайы, кармалгандардын дайын-дареги эки жумача белгисиз болуп, буга байланыштуу Казакстан Тышкы иштер министрлиги Каирге нааразылык нотасын жөнөткөн. 

1-августта Египеттин атайын кызматы казак элчилиги менен байланышып, студенттерди өлкөдөн чыгарышарын билдиришкен. Кармоонун чоо-жайы азыркыга чейин расмий айтыла элек. 

XS
SM
MD
LG