Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Евробиримдик Орусияга каршы санкциясын кеңейтти


Siemens ишканасынын газ түтүгү
Siemens ишканасынын газ түтүгү

Евробиримдик Siemens ишканасынын газ түтүктөрүн Крымга мыйзамсыз алып өттү деп негиздеп, орусиялык компанияларга жана айрым адамдарга карата санкцияларды кеңейтти.

4-августта белгилүү болгондой, "Украинанын суверенитетин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн бузган аракеттери" үчүн тизмеге кирген орус энергетика министринин орун басары Андрей Черезов жана министрликтин бөлүм башчысы Евгений Грабчак тизмеге кошулган.

Еврокеңештин түшүндүргөнү боюнча, санкция салынгандар Евробиримдикке кире албайт жана ал жактагы активдери тоңдурулат.

Ошондой эле санкциялар Siemens менен өнөктөш болгон орусиялык ААК "Технопромэкспорт" жана ЖАК "Интеравтоматика" ишканаларына да салынды. Siemens концерни болсо газ түтүктөрүн Орусиянын башка аймагында колдонуу үчүн сатканын айтып чыккан.

Орусиянын аскерлери 2014-жылы Крымга кирип барып, алардын басымы алдында жарым аралда референдум өткөн. Дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсү Крымды Орусия аймагына кошуу боюнча ал референдумду тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG