Пакистанда премьер-министр Шахид Хакан Аббаси баштаган жаңы өкмөт курамы 4-августта ант берип, кызматка киришти. Мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифти Жогорку Сот коррупцияга айыптап, премьерликтен четтеткен. Ал 28-июлда отставкага кеткен.
Өлкөнүн Улуттук кеңеши 1-августта Шахид Хакан Аббасини премьер-министрликке шайлаган. Ал 342 парламентарийдин 221инин добушун алган.
Аббаси муруңку өкмөт башчы Наваз Шарифтин санаалашы. Буга чейин өлкөнүн мунай министрлигин жетектеп келген. Аны Шарифтин Пакистан мусулман лигасы - "Наваз" партиясы премьерликке көрсөткөн.