Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Шайлоо-2017: Талапкер болом деген Бешбаков жарыштан чыгарылды


Президенттикке талапкер болуу үчүн Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшыргандардын дагы бири, 32 жаштагы Куттубек Бешбаков жарыштан четтетилди.

Боршайком төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов 5-августта "Азаттык" үналгысына билдиргендей, ал 35ке толо электигине байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда президенттик шайлоого талапкер болууга 35 жаштан өткөн жарандар гана акылуу.

«Империал Девелопмент» жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Куттубек Бешбаков шайлоого катышуу максатында БШКга 10-июлда арыз берген.

Талапкер болуу максатында жалпысынан 59 жарандан арыз түшкөн. 3-августта алардын экөө - 62 жаштагы пенсионер Анвар Сартаев менен "Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо" фондунун президенти, 60 жаштагы Нусрет Муса-Оглы Мамедов өз каалоолору менен арыздарын кайра алышкан.

Учурда арыз бергендердин ичинен "Ак шумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев гана талапкер болуп расмий катталды. Калгандары тил сынагы жана башка эрежелерден өтүп жатышат. 4-августта "Шматрица" ишканасынын директору Руслан Жунусов тесттен 46,1 упай гана алып, сынактан өтпөй калган. Буга байланыштуу ага Мамлекеттик тил комиссиясынын күбөлүгү эмес, канча упай топтой алгандыгын билдирген маалым каты гана берилээри кечээ маалымдалды.

Президенттик шайлоо быйыл 15-октябрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG