Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:58

Якутиянын Мирный шаарында жер алдында, суу баскан кенде калып кеткен тогуз шахтерду издөө уланып жатат. Республика башчысы Егор Борисов билдиргендей, шахтадагы суу көбөйбөй, электр жана аба тазалоочу жабдуулар кадыресе иштеп жаткандыктан, аларды тирүү алып чыгууга ишеним бар.

"Алрос" ишканасына таандык алмаз кенинде 4-августта түштөн кийин суу толо баштаган. Ал кезде жер астында 151 жумушчу болгон. Өзгөчө кырдаал жарыяланып, 142 адам куткарылган.

Прокуратура жана Тергөө комитети коопсуздук чаралары сакталбаган болушу мүмкүн деген божомол менен иликтөө жүргүзүп жатат. Текшерүү иштери аяктаганга чейин "Алрос" ишканасынын башчысы Михаил Лопатинский жумуштан убактылуу четтетилди.

Соңку сегиз жылдан бери аталган кенде алты ирет кырсык болуп, эки адам көз жумган, алты киши түрдүү деңгээлде жараат алган.

XS
SM
MD
LG