Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Милиционерге кол көтөргөн айдоочуга кылмыш иши козголду


Окуя болгон көчө.
Окуя болгон көчө.

Бишкекте Патрулдук милиция кызматкерине кол көтөрдү деген шек менен жергиликтүү тургун камакка алынды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, Чыңгыз Айтматов көчөсүндө айдоочу милиционерди сабап койгон.

Окуя 4-августта болгон. Тартип сакчысы шектүү унааны токтоткон учурда айдоочу каршылык көрсөткөн. Кармоо учурунда милиционерди урган. Натыйжада патруль кызматкеринин башы жарылган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия бөлүмүндө жардам көрсөтүлгөн.

Айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өтүп, мас экени аныкталган. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси - Бийлик өкүлүнө күч колдонуу боюнча кылмыш иши козголду жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. (SE)



XS
SM
MD
LG