Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

ЕБ Siemens түтүктөрүнө байланыштуу орус аткаминерлерине санкция киргизди


Европа Биримдиги Крымга Siemens компаниясы иштеп чыгарган газ түтүктөрү жеткирилгенден соң Орусиянын үч жаранына жана айрым ишканаларга санкция киргизди.

Санкцияга туш болгондор - Орусиянын энергетика министринин орун басары Андрей Черезов, министрликке караштуу департамент төрагасы Евгений Грабчак жана "Технопромэкспорт" ишканасынын башчысы Сергей Топой-Гилка.

Андан тышкары, Siemens компаниясынын Орусиядагы өнөктөштөрү - "Технопромэкспорт" жана "Интеравтоматика" ишканалары да бар.

Евробиримдиктин билдирүүсүндө айтылгандай, Крым менен Севастополго жаңы электростанциялар үчүн керектелчү газ түтүктөрүн жеткирүү Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине доо кетирет.

Siemens түтүктөрү Орусияга мамлекеттин аймагында гана колдонуу шарты менен сатылган. Кийинчерээк аны Крымга жеткирилиши чоң талкууга түшкөн.

Германиянын Siemens компаниясы соода макулдашуусун бузду деген негизде Орусияда ишмердигин токтотконун билдирди.

XS
SM
MD
LG