Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Эки кыргыз балбаны дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты


Роман Ким жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло байге үчүн беттеште. 16.07.2017-ж. Тайчунг. Кытай Тайбэйи.
Роман Ким жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда коло байге үчүн беттеште. 16.07.2017-ж. Тайчунг. Кытай Тайбэйи.

Ушул күндөрү Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Роман Ким жана Жоламан Шаршенбеков финалга чыгышты.

Бүгүн, 6-августта - акыркы мелдеш күнүндө грек-рим күрөшүнөн төрт салмакта байгелер ойнотулуп жатат. 84 килограммга чейинки салмакта Калидин Асыкеев алгачкы беттешинде египеттик балбанга жеңилип калды.

66 килограммга чейинки салмакта Амантур Исмаилов жооткотуучу таймашта күч сынашат. Ал беттеште жеңишке жетсе коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылат.

55 килограммга чейинки салмакта Жоламан Шаршенбеков төрт атаандашын артыкчылык менен жеңди. Алгач венгриялык Кристиан Кекскеметти (8:0), андан соң италиялык Жованни Френини (8:0), чейрек финалда орусиялык Эмин Севершаевди 13:1, жарым финалда армениялык тигран Минасянды 12:2 эсебинде жеңип алды. Эми алдыда алтын байге үчүн түркиялык Керем Камал менен күч сынашат.

120 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Роман Ким үч атаандашын жыгып, финалга чыкты. Алгач казакстандык Алибек Сарсенгалиевди 7:1 эсебинде жеңди. Чейрек финалда финляндиялык Конста Жоханнес Маенпаеаны 6:0 эсебинде, жарым финалда польшалык Патрик Ян Каминскийди 10: 2 эсебинде утулууга туш кылды. Алдыда алтын байге үчүн грузиялык Звиади Ратаридзе менен күрөшөт.

Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 21:00до башталат.

Спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу 1-августта башталган, бүгүн аяктайт. Бул мелдеште азырынча Кыргызстандын эсебинде бир алтын, бир күмүш жана эки коло байге бар.

XS
SM
MD
LG