Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Тиллерсон менен Лавров сүйлөшүү өткөрүштү


Рекс Тиллерсон жана Сергей Лавров.
Рекс Тиллерсон жана Сергей Лавров.

АКШ мамлекттик катчысы Рекс Тиллерсон жана Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Манилада жолугушуу өткөрүштү. Башкы дипломаттар АСЕАНдын регионалдык жыйынына катышып жатышат. Президент Дональд Трамп Москвага каршы жаңы санкцияларга кол койгондон бери Тиллерсон менен Лавров алгачкы ирет кездешти.

Лавровдун айтымында, АКШ тышкы мекемесинин башчысы ошол санкцияларга кандай жооп кайтарылаарына кызыкты жана суроосуна жооп алды. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги кабарлайт.

Эки жетекчи орун басарларынын жолугушууларын улантуу тууралуу макулдашышканы маалымдалды.

3-августта Трамп “Вашингтон менен Москванын мамилелери болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге түшүп кеткенин, бул абдан кооптуу экенин” Твиттерге жазып, азыркы кырдаал үчүн Конгрессти күнөөлөгөн. Президент жана мамкатчы жазалоочу чараларга каршы болуп келишкен. Трамп мыйзамга кол койгону менен анда “олуттуу кемчиликтер бар” деген.

XS
SM
MD
LG