Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Ооган расмий адамдары талиптер ондогон кишини өлтүргөнүн билдирүүдө


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын Сари Пул аймагында талиптердин колунан кеминде 30 киши каза тапканы кабарланууда. Ооган расмий булактарынын айтымында, 5-августта согушкерлер коопсуздук күчтөрү менен эки күндүк кармаштын жыйынтыгында Мирзаваланг районун өз көзөмөлүнө кайтарып алгандан кийин ок атышуу тутанган. Провинциянын губернатору Захир Вахдат курман болгондордун көбү карапайым адамдар экенин, дагы 25тей киши дайынсыз болуп жатканын билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган "Талибан" жайкын тургундарды өлтүрбөгөнүн жана уурдабаганын айтууда.

XS
SM
MD
LG