Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Балбан Роман Ким дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болду


Кыргызстандык Роман Ким байге ээлерине сыйлык тапшыруу аземинде. Тампере, Финляндия. 6-август, 2017-ж.
Кыргызстандык Роман Ким байге ээлерине сыйлык тапшыруу аземинде. Тампере, Финляндия. 6-август, 2017-ж.

Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Роман Ким жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынды. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 6-августта Финляндиянын Тампере шаарында жыйынтыкталган мелдеште Роман Ким 120 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Ал алгач казакстандык Алибек Сарсенгалиевди 7:1 эсебинде жеңди. Чейрек финалда финляндиялык Конста Жоханнес Маенпаеаны 6:0 эсебинде, жарым финалда польшалык Патрик Ян Каминскийди 10: 2 эсебинде утулууга туш кылды. Финалда грузиялык Звиади Ратаридзе менен таймашып, 6:2 эсебинде жеңилип экинчи орунду алды.

Буга чейин күрөштүн ушул эле түрүнөн Жоламан Шаршенбеков (55 кг.) жана Акжол Махмудов (74кг.) күмүш медалга ээ болушкан.

Айпери Медет кызы.
Айпери Медет кызы.

Спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугу Финляндиянын Тампере шаарында 1-августтан 6-августка чейин өттү.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерге чейин эркин күрөштөн байгелер ойнотулган. Эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу коло, кыздардын эркин күрөшүнөн Айпери Медет кызы (72 кг.) алтын, Мээрим Жуманазарова (67кг.) коло медал тагынды.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан 15 балбан барды. (ECh).

XS
SM
MD
LG