Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

"Атамекенчилердин" ачкачылыгы уланууда


Камактагы оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун тарапкерлеринин бир апта мурда башталган ачкачылык акциясы уланууда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна акциянын катышуучусу Айбек Султангазиев билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармагандардын саны бүгүнкү күнгө карата беш адам.

Өткөн жума күнү аларды бейтапкананын терапевти келип текшерип, көбүнүн кан басымы жогору экенин айтып кеткен. Таттибай Матисаков аттуу жарандын абалы өтө оорлошуп баратканына байланышштуу доктурлар ага ачкачылыкты токтотууну сунушташкан. Ал эми Темир Эмилов канындагы канттын деңгээли жогорулап кеткендиктен акциясын токтотууга мажбур болгон.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.

Саясатчыларды бошотууну жана Текебаевге президенттикке талапкер болуп катталууга мүмкүнчүлүк берүү талабын койгон ачкачылык акциясы партиянын Бишкектеги кеңсесинде өтүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG