Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:04

Чотонов: Кылмыш иш Текебаевди камаш үчүн эле козголгон


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда.

Бүгүнкү отурумда сөз алган Чотонов "кылмыш иши саясий буйруктун негизинде Текебаевди камаш үчүн козголгон" деген пикирин айтты.

Ал ошондой эле "...мени жөн эле кошуп коюшту, айыптоодо мен унутулуп калгандаймын, Текебаевдикин көчүрүп эле мага жазып коюшкан" деди.

Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда УКМКга камалган. Башкы прокуратура ага орус жараны Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алган деген доонун негизинде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иш козгоп, тергөөнү атайын кызматка өткөрүп берген. Текебаевге козголгон кылмыш иштин алкагында Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Соттолуучулар айыптоону четке кагууда. Ишти козгогон Башкы прокуратура далилдер жетиштүү экенин айткан. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG