Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Кабулда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Ооганстандын бир катар аймактарындагы чет өлкөлүк элчиликтерге жана өкмөттүк имараттарга жасалган удаалаш чабуулдардан кийин баш калаа Кабулда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Кабулдун полиция башчысынын милдетин аткаруучу Салем Эхсаас шаардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жайгашкан аймактарына көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын "Рейтер" агенттигине айтты.

24-июлда Кабулдун батыш тарабында талип жанкечтиси өзүн жардырып, андан 26 киши мерт болгон. 5-августта Сари Пу провинциясында талип жоочулары Саяд районун басып алып, ортодогу кармаш 50дөй кишинин өмүрүн алган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстанда жыл башынан берки куралдуу кагылышуулардан 209 киши каза таап, 700дөн ашуун адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG