Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Тиллерсон: Кремлдин кадамы ишенбөөчүлүккө жол ачты


Тиллерсон менен Лавров 6-августта Филиппинде жолукту
Тиллерсон менен Лавров 6-августта Филиппинде жолукту

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон орус тышкы иштер министри Сергей Лавровго Орусиянын Америка шайлоосуна аралашканы эки өлкөнүн ортосундагы ишенбөөчүлүккө жол ачканын айтты. Тиллерсон бул тууралуу орусиялык кесиптеши менен сүйлөшкөндөн кийин 7-августта Маниладагы регионалдык форумда билдирди.

Американын башкы дипломаты Москванын Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын кыскартуу чечимине АКШ өкмөтү жооп кайтарууну караштырып жатканын эскерткен. Ошол эле учурда Тиллерсон бир маселеден улам бардык байланыштарды токтотуп коюу болбостугун, Вашингтон Москва менен иштешүүнү каалаарын белгилеген.

АКШнын бир катар мекемелери Орусия былтыр ноябрь айындагы президенттик шайлоого киберчабуулдар аркылуу кийлигишкен деп эсептешет. Кремль бул дооматтарды четке кагып келет.

Өткөн аптада АКШ президенти Доналд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койгон. Москва буга жооп катары АКШнын Орусиядагы өкүлчүлүктөрүндө иштеген 755 кызматкерди кыскартууну чечкен.

XS
SM
MD
LG