Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Израил "Ал-Жазира" телеканалына тыюу салды

"Ал-Жазира" телеканалынын Иерусалимдеги бюросу
"Ал-Жазира" телеканалынын Иерусалимдеги бюросу

Израил баш кеңсеси Катарда жайгашкан "Ал-Жазира" телеканалына өлкө аймагында иштөөгө тыюу сала турганын билдирди. Расмий Тел-Авив медиа уюмду зомбулукту жана кастыкты козутту деп айыптап жатат. Өкмөт мындай планын 6-августта жарыялады.

Израилдин коммуникация министри Аюб Кара "Ал-Жазиранын" журналисттеринин аккредитациясы жокко чыгарыларын, телеканалдын Иерусалимдеги бюросу жабыларын айтты. Ал спутник байланышын камсыз кылган компанияларга да кайрылып, телеканалдын берүүлөрүн алып көрсөтүүнү токтотууга чакырды. 

"Ал-Жазира" "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун, Хамас, Хезболла жана Ирандын негизги аспабына айланды, - деп жүйө келтирди министр Аюб Кара. 

Ага чейин бир канча араб өлкөлөрү Катар менен дипломатиялык карама-каршылыктан улам "Ал-Жазиранын" жергиликтүү бюролорун жабууну чечишкен.

"Ал-Жазира" телеканалы Израилдин бул кадамын демократияга каршы келет деп мүнөздөп, Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде ишин уланта берерин билдирди. 

XS
SM
MD
LG