Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Крым: прокурорлор татарлардын лидерин 8 жылга кесүүнү өтүндү


Ахтем Чийгоздун тарапкерлери сот имаратынын алдында
Ахтем Чийгоздун тарапкерлери сот имаратынын алдында

Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Крым аймагындагы прокурорлор крым татарларынын белгилүү лидери Ахтем Чийгозду 8 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүштү. Прокурорлор мындай сунушун Симферополдо 7-августта өткөн соттук териштирүүдө айтышты. 

52 жаштагы Чийгоз - Орусия Крым жарым аралын аннексиялагандан кийин тыюу салган крым татарларынын мажлисинин лидери. 

Ал 2014-жылы февраль айында Симферополдо мыйзамсыз нааразылык акциясын уюштурду деп айыпталып, 2015-жылдын башынан бери камакта жатат. Жактоочулар нааразылык акциясы Крымдын аннексиясына чейин уюштурулганын, ал мезгилде Украинанын бир дагы мыйзамы бузулбаганын билдиришүүдө. 

 

XS
SM
MD
LG