Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:42

Тажикстандын Ички иштер министрлиги хижаб кийген аялдарга ири өлчөмдөгү айыппул салынат деген маалыматты төгүндөдү. Министрликтин басма сөз катчысы Умаржони Эмомали болгону түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди:

- Эч кандай жаза чегерилбейт. Азыр түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Бийлик хижаб, чалмаларды кийүү тажик элинин салты үчүн чоочун экенин аялдарга эскертип гана жатат.

"Азия плюс" агенттиги Дүйшөмбүнүн эл көп топтолгон райондорунда хижабчан аялдарга карата "рейддер" өткөрүлүп жатканын кабарлаган. Шохмансур базарында иштеген сатуучу аялдар жаңылыктар агенттигине билдиргендей, хижаб кийгендерге бир миң сомониге чейин айыппул салынат деген эскертүүлөр болгон.

Бир канча күн мурда президент Эмомали Рахмон радикалдашуу маселесине жана жаштардын "чоочун модага" кызыгып жатканына кабатырлануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG