Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

Миллиардер Роман Абрамович аялы менен ажырашты


Роман Абрамович
Роман Абрамович

Жалпыга маалымдоо каражаттары орусиялык миллиардер Роман Абрамович аялы Дарья Жукова менен ажырашканын жазып чыгышты. РБК каналы жана "Нью-Йорк Постун" "Пейдж Сикс" басылмасы жубайлардын бирдиктүү билдирүүсүн жарыялашты. 

"Он жыл бирге өмүр сүргөндөн кийин экөөбүз ажырашалы деген оор чечим кабыл алдык. Бирок биз жакын дос, ата-эне жана чогуу ишке ашырган долбоорлор боюнча өнөктөш бойдон кала беребиз",-деп айтылат медиа каражаттары жарыялаган билдирүүдө. 

Жукова Англиядагы "Челси" клубуна ээлик кылган Абрамовичтин үчүнчү аялы болчу. "Форбстун" миллиардерлер тизмесинде Абрамович 9,1 миллиард долларлык байлыгы менен 139-орунда турат. 

50 жаштагы Абрамович менен 36 жаштагы Жукованын жети жаштагы Аарон аттуу уулу жана төрт жаштагы Лея аттуу кызы бар. 

 

XS
SM
MD
LG