Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Түркиядагы кыргыз мигранттардын саны эки эсе өстү


Иллюстрация
Иллюстрация

Түркиянын Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги берген статистикага ылайык, иштөөгө уруксат алган мигранттардын сап башында сириялыктар, ал эми экинчи орунда Кыргызстандан барган мигранттар турат. Бул тууралуу "Анадолу" агенттигинин сайтына чыккан маалыматта айтылат.

Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын алты айында 46 684 чет өлкөлүк мигрант эмгек визасын алган. Алардын ичинен 9 миңге жакыны Сириянын жараны болсо, 5 миңден ашыгын Кыргызстандан барган мигранттар түзөт. Министрликтин маалыматына ылайык, кыргызстандык мигранттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе көбөйдү. Былтыр бир жылда 3612 кыргызстандык эмгек визасын алган.

Түркияда расмий каттоодон өткөн кыргызстандыктардын саны 14 миңге жакын. Бирок каттоодон өтпөй, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттардын саны мындан алда канча көп. (ElB)

XS
SM
MD
LG