Франциялык унаа чыгаруучу "Рено" (Renault) компаниясы Иран менен 660 миллион евролук келишимге кол койду. Биргелешкен ишкана түзүү боюнча көптөн бери күтүлгөн макулдашууга ылайык, Иранда үч миң жаңы жумушчу орун түзүлөт.
Бул келишимди Ирандагы мамлекеттин үлүшү бар эки компания ишке ашырат. Савех шаарында жайгашкан завод жыл сайын Duster жана Symbol үлгүсүндөгү кошумча 150 миң унааны Ирандын рыногуна чыгарып турат. Алгачкы унаалар 18 айдан кийин куралып бүтөт.
Иран жыл сайын 1 миллион 350 миң автоунаа чыгарат. Өлкөдөгү 30 унаа компаниясынын басымдуу бөлүгү кытайлык жана кореялык машиналарды курап чыгуу менен алек болуп келген.
Эки жыл мурда Иран өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы келишимге жетишкен. Бул келишим Ирандын Батыш өлкөлөрү менен учак сатып алуу жана унаа жасоо боюнча макулдашууларды түзүүсүнө жол ачты.