Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:43

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту эртең, шаршемби күнү тараптардын жарыш сөзү менен уланат. Мындай чечим кечээ кабыл алынды.

Кечээ соттолуучулардын сурак берүүсү аяктады. Мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөздү дароо баштай берүүгө даяр экенин айтышты, бирок жактоочулар кошумча убакыт сурап, натыйжада, шаршемби күнгө калды.

Орусиялык жарандар Алексей Модин жана Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде козголгон кылмыш иш боюнча "Ата Мекен" партиясынын лидери, парламенттеги фракциянын төрагасы Текебаев 1 миллион доллар пара алган, мурдагы ӨКМ башчысы Чотонов аны өткөрүп берген деп соттолууда. Өзүлөрү муну саясий куугунтук деп атап келет.

“Ата Мекен” партиясынын беш өкүлү Бишкекте, дагы беш өкүлү Базар-Коргондо алардын бошотулушун талап кылып ачкачылык кармап жатышат. Кылмыш ишти козгогон Башкы прокуратура саясий себеп жок экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG