Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

Текебаевдин маселеси БШК ичинде талаш жаратты


Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин маселеси боюнча Жогорку Сотко мекеменин аппаратынын юристин жөнөткөнүн мыйзам бузуу деп эсептебейт. Бул тууралуу кечээ кечинде БШКнын жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова билдирди.

БШК мүчөсү Назарали Арипов 12 мүчөдөн турган комиссия бул маселени жалпы жыйында карап чыгышы керек болчу деп билдирди:

- Бул коллегиялдык орган. Бул жерде сиз добушка салышыңыз керек эле. Көпчүлүк добуш менен колдоого алынса, БШКнын атынан чыгыш керек эле.

Ушундай эле пикирин БШК мүчөлөрү Гүлнара Журабаева жана Атыр Абдрахматова да билдирди. Ал эми төрайым Нуржан Шайлдабекова жана башка айрым мүчөлөр бул кадыресе көрүнүш экенин, мыйзам бузулбаганын айтып жооп беришти.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкерликке катталуу үчүн БШКга арыз берген Текебаев 26-июлда мамлекеттик тил боюнча тест тапшырмак. Бирок УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан Текебаевдин коррупцияга айыптаган соттук ишин карап жаткан Биринчи Май райондук соту аны тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

3-августта “Ата Мекендин” юристи Канатбек Азиз Бишкектин район аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Текебаевдин кыргыз тили боюнча тест тапшыруу маселесин жалпы жыйында карап чыгууга милдеттендирди деп кабарлаган.

Бирок 4-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Бишкектин район аралык соту Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырган жок, болгону, БШК аракет көргөн эмес деп тапты” деген билдирүү таратты.

Кечээ БШК аппаратынын юристи Камчыбекова район аралык соттун ошол чечимине байланыштуу кассациялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылганы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG