Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Өкмөт Апрель окуясында жабыркагандарга сыйлык тапшырды


Жолугушуунун катышуучулары
Жолугушуунун катышуучулары

Өкмөт 2010-жылдагы Апрель революциясынын катышуучуларына жана жабыркагандарга сыйлык тапшырды. Кечээ өкмөттүк аппараттын жетекчиси Акылбек Осмоналиев апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Ал “Биз өлкөнүн келечеги үчүн өз жанын берген мекендештерибиздин жогорку баасы толук түрдө акталарына ишенебиз” деп айтты.

«Мекен шейиттери», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель Баатырлары» жана «Апрель байрагы» коомдук бирикмелеринин өкүлдөрүн өкмөттүн Ардак грамотасы, ысымы жазылган сааттар менен сыйлап, премьер-министрдин атынан бир катар активисттерге ыраазычылык жарыялады.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, экс-президент Курманбек Бакиевге каршы нааразылык акциясына чыккан 90го жакын адам окко учкан, жүздөгөн адамдар жараат алган. (RK)

XS
SM
MD
LG