Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Ноокенде жол кырсыгынан үч адам каза болду

Ош - Бишкек унаа жолунун Ноокен районунун Достук участкасында катталган жол кырсыгынан үч адам каза болуп, алты адам жараат алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей окуя 7-августтун түнүндө катталып, “Хонда Степвагон” унаасы менен “Хово” оор жүк ташуучу унаасы кагышкан.

Натыйжада Лейлек районунан Бишкекке бара жаткан жети орундуу унаадагы үч адам каза тапкан. Ал эми жабырлануучулар Кочкор-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилди. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. (RsK)

XS
SM
MD
LG