Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Кытай: Түндүк Кореяга кирген санкциялардын кесепетине даярбыз


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И

Кытай Бириккен Улуттар Уюмунун Түндүк Кореяга киргизген жаңы санкцияларынын чыгымдарын көтөрүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Маниладагы коопсуздук форумунда билдирди. Ал Түндүк Корея менен Кытайдын ортосунда узак убакыттан бери тыгыз экономикалык байланыш барын, бирок эл аралык нормаларды жана регионалдык туруктуулукту сактоо үчүн санкциялардын кесепетине чыдай турганын айтты.

5-августта Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды жактырган. Түндүк Кореяны узак убакыттан бери колдоп келе жаткан Кытай менен Орусия да жаңы чараларга макулдугун берген. Бул санкциялар Түндүк Кореянын 3 миллиард доллардык жылдык экспортун үчтөн бирге кыскартат деп болжолдонууда. Расмий Пхеньян жаңы санкцияларды өлкөнүн эгемендигине шек келтирүү аракети катары баалаган.

Түндүк Корея июль айынын акырында континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынагандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп Кытайды бул маселени чечүүгө жардам бербей жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG