Бириккен Улуттар Уюмунун Сириядагы согуш кылмыштарын иликтеген комиссиясы белгилүү мүчөсү кызматтан кеткенине карабай ишин улантышы керек. Мындай пикирин уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриш 7-августта билдирди.
Комиссар Карла Дел Понте кызматтан кетип жатканын дүйшөмбү күнү жарыялап, комиссия Сирияда өкүм сүрүп жаткан акыйкатсыздык боюнча "эч нерсе кылбай" жатканын жүйө келтирген.
"Сирияда Руандада да, Югославияда да орун албаган коркунучтуу кылмыштар жасалып жатат", - деп айткан Дель Понте швейцариялык Blick гезитине.
Аталган комиссия БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылып, Сириядагы согуш кылмыштары боюнча Эл аралык кылмыш сотунда териштирүүгө баштоого чакырган. Бирок бул демилгени 2014-жылы Кытай жана Орусия четке кагып койгон.