Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Францияда биринчи айымды камсыздоого каршы кол топтолуп жатат


Франциянын президенти Эммануэл Макрондун жубайы Бриджит Макрон менен үйүнөн чыгып, Ак үйгө кетип баратат. 17-июнь, 2017-жыл
Франциянын президенти Эммануэл Макрондун жубайы Бриджит Макрон менен үйүнөн чыгып, Ак үйгө кетип баратат. 17-июнь, 2017-жыл

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун жубайы Бриджит Макронго расмий “биринчи айым” статусун ыйгарууга каршы петицияга 200 миңдей франциялык кол койду. Бул тууралуу CNN кабарлады. Бул макам маяна алууга жол бербейт, бирок президенттин аялына атайын кеңсе ачылып, кызматкерлер жана өзүнчө бюджет берилет.

Атайын интернет сайтка петицияны сүрөтчү Тьерри Поль Валетт жайгаштырган. Ал Макрондун президенттик өнөктүк учурунда жубайы коомдук роль гана ойной турганын жана бюджеттин акчасына тийбейт деп убада бергенин эске салды. Валетт Макрондун аялы азыркы учурда бир нече жардамчы, катчы жана эки сакчы иштетип жатканын сынга алган.

Шайлоо кампаниясы учурунда Макрон “биринчи айым” макамын мыйзамдаштырбай койгону үчүн өзүнүн мурдагы кесиптештерин бир нече жолу сындаган. Анын пикиринде, бул президенттин жубайын камсыздоого бюджеттен көзөмөлсүз акча жумшоого алып келген. Натыйжада мурдагы президент Николя Саркозинин аялына жылына 60 миң евро коротуп турганын мисал келтирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG