Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Журналист Али Ферузду Өзбекстанга күчтөп кайтаруу маселеси токтотулду


Журналист Али Феруз
Журналист Али Феруз

Орусиянын доо арыздарды караган соту журналист Али Ферузду Өзбекстанга артка күчтөп кайтаруу (депортациялоо) тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтотту. "Интерфакс", "Медуза" сыяктуу басылмалар кабарлагандай, журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, аны депортация жүрүмү токтотула турат. Ага чейин Феруз качкындардын убактылуу жайында жашап турмакчы.

Орусиялык "Новая газетанын" журналисти Али Феруз (Худоберди Нурматов) 1-августта миграция мыйзамдарын бузду деген жүйө менен кармалган. Андан бир күн мурда Феруз орус бийлигине саясий башпаанек сурап кайрылган. Өзбекстанда журналистке "террорчул уюмдар менен кызматташкан" деген айып коюлган. Бул доону журналист четке кагууда.

Европадагы адам укуктары боюнча сот, журналист Феруздун иши Страсбургда каралып жаткан учурда, аны Өзбекстанга күч менен кайтарбоо тууралуу Орусия бийлигинен өтүнгөн.

Ферузду журналисттер, "Чек арасыз кабарчылар", Эл аралык мунапыс, Human Rights Watch сыяктуу укук коргоо уюмдары коргоп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG