Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:32

Индиянын бийлиги Кашмир аймагында жоочу деп шектелген кеминде беш адам жок кылынганын билдирди. Алар 7-августта Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн аймагына кирүү үчүн чек арадан өтүп бара жатканда атып өлтүрүлгөн.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, жыл башынан бери Индиянын коопсуздук күчтөрү 22 жолу Кашмирге мыйзамсыз өтүү аракетине бөгөт койгон. Натыйжада чек арада баш-аягы 38 жоочу өлтүрүлгөн.

Индия Кашмирде чабуулдарды жасоо үчүн согушкерлерге жардам көрсөтөт деп Пакистанды айыптайт. Расмий Исламабад жоочуларга тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Эки өлкө Кашмир регионун 1947-жылдан бери талашып келет.

XS
SM
MD
LG