Жалал-Абад шаарындагы таза суу жана канализация системасын оңдоо үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан 2014-жылы берилген насыя кайтарылбай, быйыл жарым жылда 500 миң сом туум кошулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан “Азаттыкка” билдиришти.
Маалыматка караганда, эл аралык банк тарабынан берилген инвестициялык 7 млн евролук каражаттын 4 млн евросу грант жана калганы насыя иретинде берилген. Бул каражатка учурда шаардын таза суу системасы оңдолуп жатат.
2025-жылга чейин шаар бийлиги 3 млн евро насыяны төлөп берүүгө тийиш. Бул жылына 15 млн сомду түзөт.
Быйыл шаардык кеңештин депутаттары бириге албай, шаардын бюджети бекитилбей жаткандыктан сырткы насыяларды төлөө маселеси да кечигип жатат. (RsK\ErN)