Украин жарандыгынан ажыратылган мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили Польшадан кийин Литвага келип, Вильнюстагы орус элчилигинин алдындагы нааразылык акциясына катышты.
Литванын саясатчылары, активисттери 8-августта уюштурган акция Орусия менен Грузиянын ортосундагы беш күндүк согуштун беш жылдыгын белгилөөнү көздөйт.
Мурдагы грузин президенти Украинанын паспорту менен эле саякаттап жүргөнүн, украин президенти Петро Порошенконун аны жарандыктан ажыратуу чечими мыйзамсыз болгонун айтты.
Грузин саясатчысы АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылганы 26-июлда белгилүү болгон. Буга Саакашвилинин эки жыл мурда украин атуулдугун алаарда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган.
2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын алган. Ошол эле маалда Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп дайындалган. Ал бул кызматтан 2016-жылдын ноябрь айында кеткен.