Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Түркия Иран менен чек арасын беките баштады


Президент Режеп Тайып Эрдоган
Президент Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын маалымат каражаттары түрк өкмөтү Иран менен чек арага тосмо орното баштаганын кабарлап чыгышты. Алар Агры провинциясынын губернатору Сүлейман Элбан 8-августта курулуш иши менен таанышып чыкканын жазышты. Маалыматка ылайык, Түркия менен Ирандын чек арасына бийиктиги үч метрлик тосмо орнотулат. Мындай тосмо Түркиянын Сирия менен чегине да курула баштаган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын Ирак жана Иран чек арасына узундугу 900 чакырымдык дубал курулаарын июнь айында жарыялаган. Түрк бийлиги бул чечимин күрт жоочуларынан коргонуу максаты менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG