Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:15

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн БШК алдына пикетке чыгарын “Азаттыкка” билдирди. Ал пикет аркылуу БШК төрайымын милдетин так аткарууга чакырып, Өмүрбек Текебаевди кыргыз тил сынагынан өткөрүүнү талап кылат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттикке өзүн өзү көрсөткөн. Ал талапкер статусун алуу үчүн 26-июлда кыргыз тилинен сынак тапшыруусу керек болчу.

БШК камактагы талапкерди сынактан өткөрүү эч бир жободо каралбаганын айтып, бул маселени кароодон баш тартып келет. Текебаевдин жактоочулары болсо өз лидерин сынактан өткөрүү боюнча бардык инстанцияларга даттанууда. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG