Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен өлкөдөн чыгуу визасын жоюу боюнча долбоор даярдалды. Бул тууралуу 7-августта тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетекчилиги алдында өткөн мекеме аралык жыйында белгилүү болду.
Өзбекстан - эски совет аймагынын совет доорунан мураска калган “экзит виза” тартибин азыркыга чейин сактап келе жаткан жалгыз өлкө. Ал визаны Өзбекстандын жарандарына өлкөдөн кандай себеп болбосун тышка чыгууда алууга туура келет.
Бул иш узак убакытка созулган бюрократиялык эрежелер менен коштолуп, аны алууда өзбекстандыктар каржылык чыгымга да кириптер болушат.
Чыгуу визасын жоюу - өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгелеринин бири.