Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Кытайда 6,5 баллдык зилзала катталды


Кытайдын борбордук Сычуань провинциясында бүгүн таңда күчү 6,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Соңку маалыматтар боюнча кеминде беш адам каза болуп, 60тан ашууну жараат алды.

“Франс пресс” маалымат агенттиги Кытайдын өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча улуттук комиссиясына шилтеме кылып, зилзала 130 миң үйдү кыйратып, 100гө жакын адам жараат алганын жазды.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги каза болгон беш адам тең турист болгонун кабарлоодо. Сычуань – Кытайдагы зилзала көп катталган провинциялардын бири. 2008-жылкы жер титирөөдө 70 миңге жакын адам набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG